БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Бишкектин "Орто-Сай" базарында башаламан коюлган күркөлөр алынганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, базардын жанындагы Юнусалиев менен Сүйөркулов көчөлөрүн иретке келтирүү максатында рейд жүргөн.
"Октябрь районунун жана санитардык-экологиялык инспекциясынын кызматкерлери милиционерлер менен бирге өзүмбилемдик менен коюлган 10 соода күркөнү алды. Андан сырткары, азык-түлүктөрдү жерге коюп алып сатууга болбой турганы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Мэриянын маалымат кызматы мындай рейддер такай улантыларын белгиледи.