Жумушка орноштурам деп 70 миң сом талап кылган. Шектүү кармалды

Окуя 17-майда болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Ат-Башы райондук аскер комиссариатынын бөлүм башчысы 30 миң сом пара алып жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, окуя 17-майда болгон.

"Такталган маалымат боюнча кармалган жаран Ат-Башы райондук аскер комиссариатынын бөлүмүнө жумушка орноштуруу үчүн 70 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган. Аны кармоо учурунда автоунаасынан 30 миң сом табылган", — деп айтылат маалыматта.

Бул факты Кылмыш жаза кодексинин 326-беренесине ("Опузалап пара талап кылуу") ылайык кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки териштирүү башталып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам Нарын шаарынын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.