Huawei компаниясы Android системасын колдонуу укугунан ажырады. Себеби

Эми Huawei смартфондоруна Android операциялык системасын, Google, Google Play Store тиркемелерин жана Gmail электрондук почтасын жүктөөгө болбойт.
Sputnik

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Google компаниясы Huawei АКШ өкмөтүнүн кара тизмесине түшүп калгандыктан, аны менен кызматташуусун токтотту. Бул тууралуу Reuters жазды.

Улуттук банк "Мобильник" компаниясынын лицензиясын кайтарып алды
Өткөн аптада Трамптын администрациясы учурда Американын атайын лицензиясы жок болгон продукциялары сатылбай турган ишканалардын катарына Huawei компаниясын киргизген. АКШ тарап бул компания "Американын улуттук коопсуздугуна зыян келтирет" деп эсептейт. Вашингтондун божомолуна караганда, ал Кытайдын атайын кызматтарына иштейт.

Эми Huawei смартфондоруна Android операциялык системасын, Google, Google Play Store тиркемелерин жана Gmail электрондук почтасын жүктөөгө болбойт.

Huawei ишканасынын расмий өкүлү бул кырдаал боюнча пикирин билдирип жатып, мындай тыюу салуулар АКШнын гана экономикасына залакасын тийгизиши мүмкүн экенин айтты.