Эмгектин автору бишкектик Михаил Дудин. Ал Кыргызстандын аймактарын, Бишкек шаарын асмандан тарткан сүрөт, видеолору менен таанымал.
Бул сапаркы эмгеги да көптөрдү кызыктырды.
Бишкектен сапар алган киши Кыргызстандын жаратылышынын сулуулугуна суктанып отуруп, 17 мүнөттө Жалал-Абаддын Сузак районуна кантип кирип барганын билбей калат. Бир жерде отуруп алып эле видеонун жардамы менен сапарга чыгып, Чычкан капчыгайын аралап, Нарын дарыясын бойлоп, Токтогул суу сактагычын жээктеп жүрүп отурасыз.
Буга чейин Дудиндин Сулайман-Тоонун этегиндеги мечит түндө квадрокоптердин жардамы менен тарткан эмгеги да жарык көргөн.