Радио

Аматов: мектептерге электрондук каттоонун экинчи этабы башталды

"Бишкек шаарынын мектептерине электрондук каттоого туруу" пилоттук долбоорунун маалыматтык системасын иштеп чыккан IT адис Төлөгөн Аматов 16-майдан тарта мектептерге электрондук каттоо системасынын экинчи баскычы башталганын айтты.
Sputnik
Аматов: мектептерге электрондук каттоонун экинчи этабы башталды

Электрондук каттоо системасынын биринчи этабында 9380 арыз каралып, жети миңден ашуун жеткинчек 1-класска кабыл алынды. Бул тууралуу Төлөгөн Аматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, электрондук каттоо системасынын алкагында Бишкек шаарындагы №70, 17, 26, 56, 62 жана 61-мектептин башталгыч класска бөлүнгөн орундары толду.

"Мектептердеги электрондук каттоо системасынын биринчи этабы 15-февралда башталып, 15-майда жыйынтыкталды. Анын жүрүшүндө жалпы жонунан 9380 арыз каралып, жети миңден ашуун жеткинчек өз аймагындагы мектептерге 1-класска кабыл алынды. Экинчи этап 16-майдан 15-августка чейин уланат. Аталган убакыт аралыгында ата-энелер Бишкек шаарында жайгашкан бош орундары бар бардык мектепке каттоого турса болот. Эң башкысы өз убагында онлайн арыз менен кайрылыш керек. Арыз берүүдө биринчи кезекте ата-энелер телефон номурун жазыш керек, экинчиден, паспорттун көчүрмөсүн жана жашаган жеринен справка алып тиркеши зарыл. Бул маалыматтар берилген соң алар дароо электрондук системага катталат", — деди IT адис.

Ошондой эле ал мектептерге электрондук каттоо системасы тууралуу маалыматты (0312) 62 04 97 телефон номуру жана www.mektep.edu.gov.kg сайты аркылуу алса болорун кошумчалады.