Эмгектеп, ыйлап, чоочуркап... Жарышкан бөбөктөрдүн жагымдуу видеосу

Баш байгени ээлеген үч бөбөктөн сырткары башка ымыркайлар жана аларды колдогон топтор кызыктуу номинацияларга ээ болду.
Sputnik

Эмгектеген балдардын жарышы кечээ, 18-майда, Бишкек шаарындагы соода-жайлардын биринде өтүп, ага катыштыруу үчүн 100дөн ашуун бөбөктөрдү алып келишти.

Чүкөдөй келин баласын көтөрө албай, керебетке кошо кулады. Боорду эзген видео
Турнирде 7-10 айлык балдар жарышкан. Алар үч мүнөттүн ичинде 10 метр жерге, тагыраагы марага эмгектеп келиши шарт болчу.

Ал эми ата-энелери белгиленген жерге туруп, кызын же уулун чакырышы керек. Бул үчүн оюнчуктарды, момпосуйларды, гаджеттерди пайдаланууга уруксат берилген.

Жыйынтыгында калыстар тобу үч жеңүүчүнү аныктап, аларга кийим-кечек, бут кийим жана башка белектер ыйгарылды.