Бишкекте автоунаа толугу менен күйүп кетти. Видео

Окуяга күбө болгондор аны видеого тартып алышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Чүй облусунун Аламүдүн районунда жеңил автоунаа күйүп кеткенин ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, кырсык 18-майда, саат 14:20лар чамасында Алматы көчөсү менен айланма жолдун кесилишинде болгон. Жабыр тарткандар тууралуу маалымат жок.

Кырсыктын видеосун күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp-каналы аркылуу жиберди. Анда күйүп жаткан машинаны өчүрүп жаткан өрт өчүрүүчүлөрдү жана ЖКККБнын кызматкерлерин көрүүгө болот.