Капыстан болгон "кырсык". Кенгурунун күлкү келтирген видеосу

Олдоксон кенгурунун окуясы Австралияда болгон.
Sputnik

Телефонго азгырылба, сабак оку! Өспүрүмдү көзөмөлдөгөн иттин видеосу
Австралиядагы кенгурунун күлкү келтирген видеосу ViralHog ресурсунун Youtube-каналына жүктөлгөн.

Кадрдан көрүнүп тургандай, кенгуру талааны айлана секирип жүрүп, бир маалда тосмону сүзүп алат. Андан соң жаныбар эч нерсе болбогондой жолун улап кеткен.

Видеонун сүрөттөлүшүндө кенгуру күн бою талааны тегерене ойногону айтылат. Ал сүзүп алган тосмодон буга чейин эч тоскоолдуксуз өтүп жаткан.