Атактуу саясатчылардын энесин кучактаган сүрөтү! Жээнбековдон Атамбаевге чейин

Sputnik

Белгилей кетсек, Энелер күнү майдын экинчи дем алышында белгиленет. Ал эми Кыргызстанда май майрамдарынын көптүгүнө карап үчүнчү дем алышка коюлган.

Өткөн жылы коомчулукка таанымал спортчулардын энелери менен түшкөн сүрөттөрүн жарыялаганбыз.

1 / 13
Өлкө президенти Сооронбай Жээнбековдун апасы экөө гана түшкөн сүрөтүн табуу мүмкүн болгон жок. Жалпы үй-бүлөлүк сүрөттө ортодо (жоолукчан) апасы Самара, экинчи катардагы биринчи жигит болочок президент.
2 / 13
Экс-президент Алмазбек Атамбаев апасы Канымгүл Атамбаева менен. Жанында жубайы Раиса Атамбаева жана уулу Кадыр Атамбаев. Мурдагы ажонун апасы 1915-жылы туулуп, 1995-жылы февраль айында көз жумган. Сүрөт ошол жылдын январь айында тартылган.
3 / 13
Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова апасы Келгенбүбү Жумакадырова менен. Эл өкүлүнүн апасы 1951-жылы, 23-февралда төрөлгөн. Кызы экөөнүн жылы (коён) жана туулган күнү бир.
4 / 13
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков апасы Айымкүл Кадыркул кызы менен. Апасы анда 38 жашта болсо, болочок эл өкүлү 1 жашта экен.
5 / 13
Эл өкүлү Абдывахап Нурбаев жана апасы Калыс Нурбаева. Депутаттын энеси 84 жашта.
6 / 13
"Бир бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов жана апасы Паизкан Сулайманова (оң жакта, ак жоолукчан). Депутаттын апасы былтыр 72 жашында каза тапкан.
7 / 13
КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина (ортодо) энеси Наталья Коротич менен. Ал 1947-жылы туулган.
8 / 13
"Ата-Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов апасы Майрам Таабалдиева менен. Шыкмаматовдун апасы ал 3,5 жаш кезинде каза болуп калган... Сүрөттө сол капталда жоолукчан апасы, оң капталда атасы, ал эми ортодогу чоң эненин колунда үч жаштагы Алмамбет.
9 / 13
"Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Батырбеков 80деги апасы Катя Мамбетова менен.
10 / 13
Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев апасы Айлар Тиллаева менен. Эл өкүлүнүн апасы 74 жашта.
11 / 13
Бул сүрөттө "Республика — Ата Журт" фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова апасы Анар Каримова менен. Ал 1947-жылы туулган. Мавлянованын оң капталында өзүнүн улуу кызы.
12 / 13
Жаш депутат Жанар Акаев 74 жаштагы апасы Ырыс Акаева менен.
13 / 13
Коомдук ишмер, мурдагы маданият министри, белгилүү драматург, акын Султан Раев апасы Марапат Раева менен. Ал 2017-жылы 82 жашында дүйнө салган.