Райым Матраимов өкмөттү Жогорку Соттон да утту

Исаков премьерликтен кеткенден кийин Матраимов негизсиз иштен алынганын айтып, өкмөттү сотко берип, мурунку кызматына турууну суранган.
Sputnik

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Кечээ Жогорку Сотто Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовго карата кыргыз өкмөтүнүн даттануусу каралып, Бишкек шаардык соттун чечими күчүндө калтырылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун сайтына жарыяланды.

Чуусу көп Матраимовдор. Бир туугандардын таржымакалы жана мал-мүлкү
Тагыраагы, Жогорку Сот Райым Матраимовду кызмат ордунда калтыруу боюнча Биринчи май райондук сотунун жана Бишкек шаардык сотунун чечимдерин күчүндө калтырды.

 Жогорку сот буга чейинки инстанциялардын "өкмөт Райым Матраимовду кызматтан жаңылыштык менен кетирип алып, мыйзамды бузган" деген чечимине макул болду. Анткени Матрамовдун ээлеген орду жогорку административдик кызмат болбогондуктан, "ишенимден чыкты" деген жүйөө менен жумуштан алууга жол берилбейт.

Бирок ал "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамдын 47-беренесинин 1-пунктунун 3-бөлүгүнө ылайык иштен алынган. Мындан сырткары, Матраимов кызматтан кетирилген учурда ооруп жаткан. Анын эмгекке жарамсыздыгы тууралуу маалымкаты болгону белгиленет.

Белгилей кетсек, Райым Матраимов өткөн жылдын апрель айынан бери өкмөт менен соттошуп келген. Аны 2017-жылы ноябрда ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков "ишенимден чыкты" деген жүйө менен кызматтан кетирген. Бирок Исаков премьерликтен кеткенден кийин Матраимов негизсиз иштен алынганын айтып, өкмөттү сотко берип, мурунку кызматына турууну суранган. Аны райондук жана шаардык сот канааттандырган болчу.

Мындан сырткары, ушул жылдын январынан тарта Финпол Матраимовдун мүлкүн текшере баштаган. Азырынча анын жыйынтыгы жарыялана элек.