Жээнбеков Баатыр энелер менен татыктуу уул-кыздардын апаларын сыйлады. Сүрөттөр

Бүгүн президенттин колунан 9 апа Баатыр эне ордени менен сыйланып, алтоо ыраазычылык каттарды алышты.
Sputnik

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Энелер күнүнө карата көп балалуу аялдарды Баатыр эне ордени менен сыйлап, Кыргызстанды дүйнөлүк аренада даңазалап жүргөн улан-кыздардын апаларына ыраазычылык каттарды тапшырды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-майда, президенттин колунан 9 апа Баатыр эне ордени менен сыйланып, алтоо ыраазычылык каттарды алышты.

Мындан сырткары Жээнбеков тарабынан кароосуз калган 128 баланы баккан жана учурда 18 баланы тарбиялап жаткан Наталья Аслаповская, Азия жана дүйнөлүк чемпионаттарда байгелүү орундарга ээ болгон жаш спортчулар Жоламан Шаршенбеков, Эрбол Бакировдун апалары Гүлнар Жумалиева менен Айнура Турабаева, "Атанын керээзи" тасмасы менен Монреаль Гран-присин жеңген жаш режиссёр Дастан Жапар уулунун энеси Айымкүл Дыйканова, Опера жана балет театрынын солисти Фарух Садыркуловдун апасы Светлана Садыркулова сыйланган. Алардын арасында Москвада иштеп жүрүп Кыргызстанга сый жана ишеним алып келген Кайрат Тентимишовдун апасы Клара Тентимишова да бар.

"Эненин сүтүн актаган адам гана бейишке кирет. Биздин улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов "Мен бул дүйнөдө кандай бийиктикке жетсем, ал ийгилигиме апамдын салымы чоң" деп айткан. Эненин мээримине бөлөнүп, таалим-тарбиясын көргөн балдар эч качан жаман жолго барбайт. Биздин негизги максат — энелердин социалдык кадыр-баркын эң бийик деңгээлге көтөрүү", — деп айткан Жээнбеков куттуктоо сөзүндө.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылы Эне даңкы медалы менен 470 жана Баатыр эне ордени менен 1135 энени сыйлоо боюнча Жарлыкка кол койгон.