Секирип келип тээптир! Арнольд Шварценеггерге кол салган учурдун видеосу

Голливуддун атактуу актёру, мурдагы губернатор Арнольд Шварценеггерге Африкада сапарда жүргөндө кол салышкан. Бирок "терминатор" андан олуттуу деле жабыркаган эмес.
Sputnik

Бул туурасындагы видео YouTube каналына жайгаштырылган. Окуя Сандтон шаарында болгон.

Өспүрүм эл өкүлүн жумуртка менен башка койгон. Австралиядагы окуянын видеосу
Кадрдан алгач актёрдун күйөрмандары менен жолугуп, сүйлөшүп, алардын суранычы боюнча телефонго тартып жаткандыгын көрүүгө болот.

Бир аздан кийин бир адам аркасынан чуркап келип, секирип тепкендигин жана Шварценеггердин жыгылып калгандыгын көрүүгө болот.

Independent басылмасы актёр Сандтон шаарына ал жерде өткөрүлгөн спорттук таймаштын калысы катары токтогондугун жазган.

Маалыматта актёрго батынып кол салган кишинин кармалгандыгы кабарланды.