Октой учат го! Японияда дүйнөдөгү эң ылдам поезд пайда болду. Видео

Алдын ала маалыматтарга караганда, бул поезд 2027-жылы ачылчу Токио — Нагоя каттамында жүрмөкчү.
Sputnik

Японияда East Japan Railway Co компаниясынын инженерлери саатына 400 чакырым жүргөн поезд жасап чыгышты. Бул тууралуу Kyodo News порталы жазды.

Германияда айдоочусу жок учуп жүргөн такси көрсөтүлдү. Сүрөт
ALFA-X деп аталган поезддин алды сүйрү формада келип, мурду менен машинист отурган жерге чейин 22 метрге жетет. 

Ал сыноодон өтүп, жумасына эки жолу түнкүсүн каттап жатат. Алдын ала маалыматтарга караганда, бул поезд 2027-жылы ачылчу Токио — Нагоя каттамында жүрмөкчү.

Күн чыгыш өлкөсүндө учурда ылдамдыгы саатына 320 чакырымга жеткен поезддер бар.