Урандыда калган киши, шашылган тик учак, алоолонгон өрт. ӨКМдин машыгуудагы видеосу

Чүй облусунун Москва районунда ӨКМ менен жарандык коргонуу күчтөрүнүн ири масштабдагы окуусу өттү.
Sputnik

Жаратылыш кырсыктары учурундагы тиешелүү органдардын аракеттерин чагылдырган иш-чара 15-17-май күндөрү болду.

Анын видеосун ӨКМ өзүнүн YouТube-каналына жүктөдү.

9 баллдык жер титирөөгө даярдык көрүү буйругу чыктыбы? Расмий жооп
Ведомстводон билдиргендей, окуу колдон келишинче реалдуулукка жакындатылды. Талаага жабыркагандарды кабыл алган чатырлар тигилип, ашкана иштеп турду. Кадрларда тик учак гуманитардык жардам алып келип, оор абалдагы жабырлануучуларды жакынкы аймактагы ооруканаларга алып кетип жатканы көрсөтүлдү.

ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Азис Эгембердиевдин айтымында, окууга жарандык коргонуу секторунан бир миңдей адис тартылды.

Мурда социалдык тармактарда "Кыргызстанда 9 баллдык жер титирөөгө даярдык жүрүп жатат" деген кабар тараган. Бирок ӨКМ маалыматты жокко чыгарып, окуу өтүп жатканын билдирген.