Чабан элдин 40 миң долларлык койлорун жымырып алган. Казакстандагы окуя

Ал киши бир жылга жакын кой багып иштеп, байкатпай бир нече миң долларлык койду жымырып алган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Казакстандын Шардара районундагы 48 жаштагы чабан койлорду жымырып алуу боюнча рекорд койгон. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.

Ал камаарабай айылдаштарынын 767 баш коюн чекесинен "менчиктештире" берген. Мунусу менен бир далай ууруларды артка калтырган.

Кошунасынын акчасын уурдап келген мышык ээсин оңтойсуз абалга кептеди
Анын буга чейин соттолбогону жана балдары бар экени айтылды. Жергиликтүү кооперативге чабан болуп орношуп, бир жыл эмгектенип, эч кандай шектүү адаттары байкалган эмес. Анткен менен фермерлер малдын эсеп-чотун алалы деп камынып, санай келгенде майда жандыктардан 800 баш жетпей калган. Мынча малды акчага салып эсептегенде 39,5 миң доллардын тегерегинде (2 миллион 725 миң 500 сомдун) болгон.

Бул ызы-чуудан кийин малдын ээлери тартип коргоо органдарына арыз жазып, чабан камакка алынган.

Райондук сот аны бирөөнүн ири суммадагы мүлкүнө ээлик кылганы үчүн жети жылга кескен. Бирок анын өкүнгөндүгүн жана чыгымды толук төлөп берем деген убадасын эске алып, шарттуу түрдө эркинен ажыраткан.

Маалыматта соттун өкүмү күчүнө кире электигин жана ал кишинин учурда иш издеп жаткандыгы айтылды.