Эркектер жана аялдар инсультка кандай жолдор менен чалдыгары айтылды

Окумуштуулар аял менен эркектин оорусун өзүнчө бөлүп айтып берген.
Sputnik

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Россиядагы Мордовия улуттук университетинин окумуштуулары эркектер жана аялдар инсультка кандай жолдор менен кабыларын аныктаганын "Известия" жазды.

Өзбекстанда министрлик элин арыктоого чакырды
Иликтөөгө ылайык, эркектерде инсульттун пайда болушуна артериянын өнөкөт оорусу, чылым, аракечтик, зат алмашуунун бузулушу жана аз кыймылдуулук таасир этет.

Ал эми аялдарда инсульттун келип чыгышына кант диабети, ашыкча салмак, кандагы липиддердин көп болушу жана аритмия себеп экени айтылды.

Ошондой эле кан басымдын жогору болушу аялга да, эркекке да бирдей таасир тийгизери белгиленди.