Бишкек мэриясы "Асанбайдагы" эки кафени ордунан алып салды. Сүрөт

Имараттар жогорку чыңалуудагы электр зымы өткөн жана коргоого алынган аймакта курулгандыктан, анда келгендерге коркунуч жаратканы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Бишкек мэриясы шаар ичиндеги мыйзамсыз курулган кафелерди ордунан алып салууну улантууда. Кечээ популярдуу тамактануучу эки жай жок кылынганын муниципалитеттен билдиришти.

Экөө тең "Асанбай" кичи районунда жайгашкан "Золотая бочка" жана "Съезд PUB" кафелери.

"Жерлерди башка максатта иражага алган ишкерлер шартты бузуп, жеңил конструкциядагы кафелерди куруп алган. Алар архитектуралык жана шаар куруу эрежесине туура келбегендиктен ишкерлер менен келишим токтотулду", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, имараттар жогорку чыңалуудагы электр зымы өткөн жана коргоого алынган аймакта курулгандыктан, анда келгендерге коркунуч жаратканы айтылды.