Күч түзүмдөрү бири-бири менен беттешип... Оксуз кармашуу турниринен ирмемдер

Sputnik

Бишкекте тай бокс боюнча КРдин чемпионаты өттү. Беттештеги ирмемдер
Мелдеш Чек ара кызматынын 20 жылдык мааракесине арналды. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги спорттук иш-чарадагы ирмемдердин сүрөт топтомун сунуштайт.

Турнирге 150гө чукул спортчу катышты. Алардын 10у — эл аралык класстагы спорт чебери, 50сү — КРдин спорт чебери, 60ы — спорт чеберине талапкер.

Жеңүүчүлөр Азия жана дүйнө чемпионатына катыша турганы айтылды.

1 / 13
Бишкекте оксуз кармашуу боюнча күч түзүмдөрү арасында эл аралык мелдеш өттү.
2 / 13
Турнир Чек ара кызматынын 20 жылдык мааракесине арналды.
3 / 13
Кармашка 150гө чукул спортчу катышты.
4 / 13
Алардын 10у — эл аралык класстагы спорт чебери, 50сү — КРдин спорт чебери, 60ы — спорт чеберине талапкер.
5 / 13
Мындай мелдеште машыктыруучунун кеп-кеңеши, колдоосу биринчи орунда.
6 / 13
Жоокерлерди куралсыз чабуулга өткөрүүгө үйрөтүү үчүн пайда болгон спорт деп айтылат.
7 / 13
Мында күрөштүн да, бокстун да ыкмалары бар.
8 / 13
Спортчулар кимоно, кол кап кийип, фута, капа, башына коргой турчу жабдуу тагынышат.
9 / 13
Туулгасы кыйшайып кеткен спортчу... Туулга - жоокердин кылыч, ок жана башка куралдардан коргонуу үчүн кийген баш кийими.
10 / 13
Спорчуларды күйөрмандар колдоп жатты.
11 / 13
Спортчулардын мелдештеги куралы — кол каптар жана туулга.
12 / 13
Жеңүүчүлөр медаль жана дипломдор менен сыйланды.
13 / 13
Ошондой эле жеңүүчүлөр Азия жана дүйнө чемпионатына катыша турган болду.