Ошто сойкулук боюнча 32 факт аныкталды

Сойкулукту уюштурууга шектүү жарандар жоопкерчиликке тартылган.
Sputnik

ОШ, 17-май — Sputnik. Ош шаарында 2018-жылдын январь айынан бүгүнкү күнгө чейин сойкулук жасаганга көмөктөшкөн жана кыздарды тарткан 32 факты аныкталды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, 32 жайдын ичинен 10у быйыл 5 ай аралыгында белгилүү болгон.

Сауналар менен мейманканаларда сойкулук уюштургандарга карата Жазык кодексинин 166 (Сойкулук кылууга тартуу) жана 167-беренелери (Сойкулукка көмөктөшүү) боюнча тергөө иштери жүргүзүлгөн.

Мындан сырткары, тергөө өндүрүшүндө учурда 4 кылмыш иши иликтенүүдө. 32 фактынын ичинен 22си сойкулук жасоо үчүн уюштурулган көмүскө жайлар болуп эсептелет.

"Мындай жол аркылуу акча табуу менен алектенген сауна, мейманканалардын кызматкерлери соттун чечиминин негизинде айып пулду төлөгөн соң мыйзамсыз иштерин жүргүзгөнү бир нече ирет кайталанган. Мисалы, 2018-жылдан бүгүнкү күнгө чейин калаадагы "Ак-шоола" саунасында алты ирет жашыруун сойкулук жасоо уюштурулгандыгы аныкталган", — деди Сыдыков.

Түркия: кыргызстандык алты аялды сойкулукка мажбурлады дегендер кармалды
Ал белгилегендей, "Евразия" саунасы беш ирет, "Капитал" саунасы алты ирет ушундай кадамга баргандыгы үчүн тергөө иштери жүргүзүлүп, соттук кароого жиберилген. Кардарларды кабыл алып, сойкулук жасоону уюштурган администраторлорго шаардык сот тарабынан айып пул салынган.

"Жазаланган администратордун ордуна жаңысы келип, көмүскө сойкулук жасоо иштери улантыла берген. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул багытта мыйзамдуу укуктарын пайдаланып, көмүскө сойкулук жасоочу жайларды уюштурган адамдарга каршы ыкчам иликтөө иштерин улантып келет", - дейт Сыдыков.

Ал бул багытта милиция жергиликтүү жашоочулардан сойкулук уюштуруучу жайлар тууралуу тиешелүү маалыматтарды күтө тургандыгына токтолду.