Радио

Молдокасымов: Кытай окумуштуулары кыргыз тарыхы боюнча чоң жыйынга чогулат

КР президентинин аппаратына караштуу "Мурас" коомдук фондусунун төрагасы Кыяс Молдокасымов июнь айында Бишкек шаарында Кытай окумуштууларынын кыргыз тарыхы боюнча чоң жыйыны болорун айтты.
Sputnik
Молдокасымов: Кытай окумуштуулары кыргыз тарыхы боюнча чоң жыйынга чогулат

Байыркы кыргыздардын тарыхын изилдеген япон, корей, кытай жана европалык окумуштуулардын эмгектери бир жыйнакка топтолуп, китеп болуп чыгарылат. Бул тууралуу Кыяс Молдокасымов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жыйнакты Евразия изилдөө борбору каржылайт. Аталган уюм изилдөө жаатында жылда бирден китеп чыгарып келет. Быйылкы чыгарылчу басылманы кыргыздардын тарыхына арноо чечими кабыл алынган.

"Бишкекте өтүүчү ШКУ өлкөлөрүнүн саммити алдында борбор калаада президент Сооронбай Жээнбековдун өтүнүчү менен иштеп жаткан кытай окумуштуулар тобунун Кыргызстанга келиши күтүлүүдө. Кытай жазма булактарынан байыркы кыргыздар тууралуу маалыматтарды чогултуу боюнча эки өлкө ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде иштеп жаткан сегиз окумуштуу тең келери белгилүү болду. Алар кыргыз тарыхын доорлорго бөлүп алып, изилдеп жатышат. Чогулткан эмгектерин ушул келчү сапарында кыргыз коомчулугунун алдында ачыкташат. Бул материалдар Кыргызстанга өткөрүлүп берилет. Мындан тышкары, байыркы кыргыз тарыхын изилдеп жаткан дүйнө окумуштууларынын эмгектери чогултулуп, бир жыйнакка чыгарылат. Бул китеп жогорудагы окумуштуулар жыйынында Кытай менен Кыргызстандын президенттерине расмий тапшырылат", — деди Молдокасымов.

Окумуштуу чет элдик кесиптештери өлкөнүн тарыхый жерлери, балбал таш, археологиялык казуулары менен таанышып кетерин кошумчалады.