Үч жашар кызга тиш салган итти милиционер жүрөккө атты. Окуянын видеосу

Кыздын атасынын айтымында, ага медициналык жардам бергенден кийин үйгө чыгарышкан.
Sputnik

"Дордой" базарынын жанында үч жашар кызга кол салган жолбун ит видео байкоого түшүп калган. Эки киши кызды иттин оозунан арачалап алууга аракет кылып, тепкилегени менен майнап чыккан эмес.

Окуя 16-майда саат 15:00дөр чамасында болгон. Жолбун иттин кызды тиштегенин көргөн Керез Мамбеталиева окуяны мындайча айтып берди.

"Иттин кичине баланы талаганына баарыбыз күбө болдук. Чогулган эл баланы иттен куткара албай койду. Ит бул жерде 2-3 күндөн бери жүргөн", — деди ал.

Мамлекеттик адистештирилген коргоо кызматынын башкы башкармалыгынын Аламүдүн райондук бөлүмүнүн кызматкери Адилет Бекжанов сыртта эл чуру-чуу түшүп калганын угуп дароо эшикке чыкканын билдирди.

Жаш жигиттин сөөгүн 20 чакырым жерге көтөрүп келдик... Куткаруучунун маеги
"Жумушта болчумун. Эшикте эл кыйкырып, кичинекей кыздын ыйлаганы угулуп калды. Сыртка чыксам чоң ит кичинекей кызды тиштеп сүйрөп баратыптыр. Эки кишинин бири итти тепкилеп жатыптыр. Мен чуркап барып кызды өзүм жакка тартып, итти жүрөк тушка аттым", — деди милиционер.

Бекжанов бардык аракетин кишилерди жаныбарлардын кол салуусунан коргоо жөнүндөгү мыйзам боюнча жасаганын кошумчалады.

Ал ошондой эле кыздын апасы кичинекей баласын карап жатып, кызынын сыртка чыгып кеткенин байкабай калганын кошумчалады.