Кытайда 9 жашар бала эки жыл акча чогултуп, апасына шакек алып берди. Видео

Ифань апасы аны багыш үчүн көп иштеп, бирок өзүнө бир дагы зер буюм ала албаганына боору ооруп жүргөнүн айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Кытайдын Линьсянь шаарында тогуз жаштагы бала апасына шакек белек кылып, акысынан эки жыл бою топтогон эки куту толтура монета менен кутулду. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

12-май күнү Го Ифань аттуу окуучу апасын зер буюмдар дүкөнүнө ээрчитип барып, шакек тандаткан. Аягында рюкзагынан монета чогулткан эки кутуну алып чыккан.

Баланын мындай кадамына элжиреген сатуучулар баарылап тыйындарды чачып алып санашты. Жыйынтыгында окуучу 1,5 миң юань (15 миң сомдун тегереги) чогултканы белгилүү болду.

Ифань апасы аны багыш үчүн көп иштеп, бирок өзүнө бир дагы зер буюм ала албаганына боору ооруп жүргөнүн айтты.

Кызыгы, баланын чогулткан акчасы апасына гана шакек эмес, таенесине дагы шуру сатып алганга жетти.