9 баллдык жер титирөөгө даярдык көрүү буйругу чыктыбы? Расмий жооп

Соцтармактарда катуу жер силкинүүгө даярдык көрүүгө премьер-министр буйрук берди деген маалыматтар тарап жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине катуу жер титирөөгө даярдануу боюнча тапшырма берилген жок. Болгону машыгуу өткөрүлсүн деген буйрук бар. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына эки ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, "өкмөт башчы буйрук берди" делген маалымат социалдык тармакта тарап жатат. Мисалы, Facebook баракчасынын колдонуучусу Гүлшайыр Абдирасулова премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Саламаттык сактоо министрлигине катуу жер силкинүүгө даярдык көрүү керектигин айтып, эскертүү бериптир деген маанайда жазган. Комментарийлерде жарандар журналисттерден маалыматты тактап берүүнү суранышкан.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова жер силкинүүгө даярдык көрүү боюнча буйрук болбогонун билдирди.

"Учурда ӨКМ менен биргеликте жарандык коргонуу боюнча машыгуулар өтүп жатат. Жер силкинүүгө даярдык боюнча буйрук түшкөн эмес. Бул фейк жаңылык", — деди Айгерчинова.

Жер титиреп, көк тиреген үйдүн чатырындагы бассейндин суусу чачылды. Видео
Ал эми ӨКМдин маалымат катчысы Элмира Шерипова республикалык деңгээлде машыгуулар өтүп жатканын билдирди.

"Машыгуунун сценарийи боюнча республиканын түндүгүндө 8-9 баллдык жер силкинүү күтүлөт. Бардык кызматтарга бул боюнча маалымат берилет. Үч күндүн ичинде даярдык көрүү зарыл. Мындай машыгуулар чыныгы жашоодогу кырсыктарга даяр туруу үчүн жасалат", — деди Шерипова.

Бүгүн машыгуулардын үчүнчү этабы Чүй облусундагы Москва районунда болуп жатат.