Өзгөчө көркөм сүрөттөр. Мэрия шаар тургуну Михаил Дудиндин эмгегин баалады

Дудин Бишкектин кооз жерлерин асмандан дрон менен тартууга кызыгат.
Sputnik

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов фотограф-фрилансер Михаил Дудиндин жасаган эмгегин баалап, энчилүү кол саатын белекке берди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

​"Бүгүн калаа башчысы Азиз Суракматов Михаил Дудинге шаарга болгон өзгөчө сүйүүсү жана көз жоосун алган сүрөттөрү үчүн ыраазычылык билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Михаил Дудин Бишкектин кооз жерлерин асмандан дрон менен тартууну жактырат. Ал буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттигинде программист болуп иштеп, мекеменин өнүгүшүнө өз салымын кошкон.

Дудин SputnikPro эл аралык программасынын алкагында Минск шаарында дрондон кантип сүрөткө тартуу керектиги тууралуу мастер-класс өткөн. 2018-жылы анын тарткан сүрөттөрү "Бишкекке 140 жыл" аттуу китепке чыккан.