ИИМ имаратынын жанында жол кырсыгы болуп, унаа оодарылып калды. Видео

Toyota Wish менен Toyota Estima унаалары кагышканы айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Борбор калаанын Тыныстанов жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, үч адам жаракат алды. Бул туурасында Бишкектин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 16-майга караган түнү саат 00.43төр чамасында болуп, Toyota Wish менен Toyota Estima унаалары кагышкан. Мунун кесепетинен Estima оодарылып, анын ичинде бараткан эки жүргүнчү менен айдоочу жеңил жаракат алган.

Факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.