Депутат Карамушкина кармалган Сагинбаеваны үй камагына чыгарууну суранды

Мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагинбаева кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан чыгып кетиши боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалып, камакка алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина 15-майда камакка алынган Улуттук госпиталдын башчысы, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагинбаеваны үй камагына чыгарууну суранды.

Батукаевдин иши боюнча ЖАМК төрагасынын мурунку кеңешчиси кармалды
Депутат өз сөзүндө кылмыш кодекстери жаңыланып гуманизацияланганы менен Сагинбаеванын камакка алынышы эч кандай гуманизацияга жатпай турганын айтты. Ал ошондой эле Батукаевдин иши боюнча айыпталып жаткандардын күнөөсүн тергөө аныктап, чын-төгүнүн бышыктай турганына ишене турганын белгиледи.

Эл өкүлү кримтөбөл Азиз Батукаев жети жыл мурда бошонуп чыгып кеткенин, бирок анын иши Чубактын кунундай эле чубалганын айтып, жергиликтүү кримтөбөлдөр деле ушундай жол менен чыгып жатканы эч кимге деле кызык эмес экенин кошумчалады.

"Биздин жергиликтүү эле уюшкан кылмыштуу топтордун канча башчысы ушундай эле жол менен бошотулганын билесиңерби? Түрмөдөн ким кантип чыгып кеткенин эч ким тергеп иликтегиси келбейт. Андыктан мен камакка алуу боюнча санкция берген УКМКнын тергөөчүсүнө кайрылат элем, Динара Сагинбаеваны үй камагына чыгарып тергөөнү алып барууга болобу? Анын баш коргоо чарасын эч жакка чыкпоо кылып койсо деле болот да. Эмне үчүн сөзсүз түрдө эле камакка алуу керек. Бул менин аял жана депутат катары кайрылуум", — деди депутат.

Эске салсак, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагинбаева кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан чыгып кетиши боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган.