Рысалиев Иманкадыр Зарлыкович — өмүр баяны

Иманкадыр Рысалиевдин өмүр баянын Sputnik Кыргызстан агенттигинин таржымалынан окуңуздар.
Sputnik

Билими:

  • 1974-1979 — С.М.Киров атындагы Казак мамлекеттик университетинде "экономист" адистигин окуган. Экономика илимдеринин кандидаты. 18 илимий иштин, анын ичинде 4 монографиянын автору.

Эмгек жолу:

  • 1979-1991 — мугалим, улук мугалим, Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун доценти;
  • 1991-1993 — Кыргызстандын гуманитардык инициативалар фондусунун директору;
  • 1993-1994 — Кыргызстандын Мамлекеттик банкынын төрагасынын экономикалык кеңешчиси, төраганын жардамчысы;
  • 01.1994-11.1994 — президенттин жардамчысы, президенттин маалымат кызматынын жетекчиси;
  • 1994-1998 — Ишкерликти өнүктүрүү фондусунун төрагасы;
  • 1998-1999 — эмгек жана социалдык жактан коргоо министри;
  • 01.1999 – 07.1999 — президенттик администрациянын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы;
  • 07.1999-11.2001 — эмгек жана социалдык жактан коргоо министри, министрдин биринчи орун басары;
  • 2001-2005 — Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары;
  • 25.10.2005-2008 — Антимонополиялык саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттиктин директору;
  • 2008 — "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору;
  • 23.09.2009-23.04.2010 — Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жетекчиси;
  • Учурда Иманкадыр Рысалиев "Ачык өкмөт" эл аралык уюмунун катчылыгын жетектейт.

Ошондой эле ал "Ата-Журт" партиясынын саясий кеңешине мүчө болуп кирген, Жогорку Кеңештин төрагасынын жардамчысы болуп иштеген. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы экени ырасталды.

"Эл достугу" ордени жана Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.