Батукаевдин иши боюнча ЖАМК төрагасынын мурунку кеңешчиси кармалды

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен ЖАМКтын медицина кызматкерлери кармалган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. ИИМ мурунку саламаттык сактоо министри Динара Сагинбаева менен кошо Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын мурунку кеңешчиси Калыбек Качкыналиев да кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, алар кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишинин алкагында кармалышкан. Буга чейин Сагинбаеванын убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин укук коргоо органдарындагы булактар билдирген

Батукаевдин иши боюнча камалган балдар онкологун колдоп бейтаптар акцияга чыкты
Белгилей кетсек, Батукаевдин ишинин жанданганын башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 17-апрель күнү Жогорку Кеңеште отчет берип жатып айткан. Ошол маалда ЖАМКты жетектеп турган Зарылбек Рысалиевдин да суракка чакырылары белгиленген. Ал эми Сагинбаева саламаттык сактоо министри болчу.

Батукаевдин иши боюнча буга чейин кылмышкерден онкологиялык оору тапты делип онколог жана медициналык лабораториянын медициналык кызматкери кармалып, соттун чечими менен камалышкан. ИИМ аталган иш боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин дагы бир кызматкери өтүп жатканын кабарлаган. Үчөө тең коррупция боюнча жана документтерди жасалмалаган деп күнөөлөнүшүүдө.

2013-жылы Жогорку Кеңештин комиссиясы түзгөн эксперттик топ Батукаевге туура эмес диагноз коюлганын жана фактылардын фальсификацияланганын аныктаган.

Азиз Батукаевди 2006-жылдын 3-августунда Аламүдүн райондук соту 16 жыл 8 айга эркинен ажыраткан. Кылмышкер катуу тартиптеги колонияда жаза өтөп, мындан тышкары, мүлкү конфискацияланган. 2013-жылдын 9-апрелинде Батукаев оор илдетине байланыштуу мөөнөтүнөн мурда бошоп, Кыргызстандан чыгып кеткен. ИИМдин маалыматы боюнча, ушу тапта "курал-жарак сактаган" деп айыпталып Чечен Республикасынын абагында отурат.