Өзгөндө рулга ээ боло албай калган айдоочу тосмону сүзүп каза болду

62 жашта болгону айтылды.
Sputnik

ОШ, 15-май — Sputnik. Өзгөн шаарында унаасын башкара албай калып, жол четиндеги тосмону сүзүп токтогон айдоочу каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын облустук бөлүмүнүн өкүлү Алтынбек Теңизбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Өзгөндө рулга ээ боло албай калган айдоочу тосмону сүзүп каза болду

Маалыматка ылайык, кырсык 14-май күнү саат 14:15тер чамасында Бишкек — Ош унаа жолунун 617-чакырымында, тактап айтканда, Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө болгон.

Бишкекте машинанын баланы уруп кеткен учуру видеого түшүп калган
Өзгөн районунун 62 жаштагы жашоочусу өзүнүн Wolksvagen Рassat үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жатып, рулга ээ боло албай калган. Унаа жолдун четиндеги бетон тосмого урунуп барып токтогон.

Окуянын кесепетинен айдоочу оор жаракат алып, окуя болгон жерде каза тапкан.

Кырсык боюнча Өзгөн райондук милициясы тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.