Кыргызстандын мурдагы райондук судьясына издөө жарыяланды

Мурдагы судьянын сыртынан баш коргоо чарасы тандалган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Москва райондук сотунун мурдагы башчысы Феликс Марлеске издөө жарыяланды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы кабарлады.

Токмокто курткасын күрөөгө коюп балдарына дары алмакчы болгон киши кесилип кетти
Мекеменин берген маалыматына ылайык, буга чейин мурдагы фемида өкүлү өлкөдөн чыгып кеткендиктен, аны камоо боюнча сыртынан баш коргоо чарасы тандалган.

Марлес кызмат адамына ири суммадагы пара берүү боюнча шектелүүдө.

Сотторду тандоо кеңешинин дисциплинардык комиссиясы башкы прокурорго Марлести кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун бергенден кийин, аталган судья 2018-жылдын күз айында кызматтан кеткен.