Кыргызстан мусулман саякатчыларын өзүнө тарткан 30 мамлекеттин катарына кирди

Борбор Азия өлкөлөр арасында Өзбекстан Казакстанды артта калтырып, лидер болду.
Sputnik

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Кыргызстан мусулман саякатчыларын өзүнө тарткан алдыңкы 30 мамлекеттин катарына кирди. Изилдөөнүн жыйынтыгы CrescentRating компаниясынын Global Muslim Travel Index аттуу сайтына жарыяланды. 

Дүйнөдөгү эң мыкты авиакомпания менен аэропорттордун рейтинги аныкталды
Быйыл Ислам кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ичинен тарыхта биринчи жолу Индонезия рейтингдин лидери болду. Ал эми алдыңкы ондукка Түркия, Сауд Аравия, БАЭ, Катар, Марокко, Бахрейн, Оман жана Бруней кирди.

Борбор Азия өлкөлөр арасында быйыл өзгөрүү болду — Өзбекстан Казакстанды артта калтырып, лидер болду. Тагыраагы, коңшу өлкө 22-орунда болсо, Өзбекстан 24-орунда келе жатат. Кийинкиде Азербайжан (25-орун), ал эми Кыргызстан 29-сапта. Эң акыркы орунда Тажикстан турат.

Изилдөөнүн жыйынтыгына караганда, 2018-жылы 140 миллионго жакын мусулман саякаттаган — алардын ар бир онунчусу турист. 2026-жылы мусулман туристтердин саны 230 миллионду түзөрү болжолдонууда. Акчалай алып караганда, бул рыноктун көлөмү 300 миллиард долларды түзөт.