Бишкекте өзгөчө отургучтар пайда болду. Сүрөт

Жаңы отургучтарды "Бишкекжашылчарба" кызматынын мастерлери жасаган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Бишкектеги Жаштар аллеясына өзгөчө отургучтар орнотулду.

"Бишкекжашылчарба" муниципалдык кызматынын өкүлдөрү отургучтар көздү "эриктирбеген" өзгөчө дизайнда жасалганын жана абдан ыңгайлуу экенин белгилешти.

"Бул биз үчүн жаңы багыт. Жакында Чүй менен Манас проспектилерине курулуп жаткан эс алуу аянтчасына дагы орнотобуз. Айланага жакшы көрк берет", — дешти ведомстводон.

"Бишкекжашылчарба" кызматы жарандарды отургучка сүрөт тартпай, бүлдүрбөй, аяр мамиле жасоого чакырды.