ГЭС-2 айылында 9 жаштагы бала сууга чөгүп кетти

Бөбөктүн сөөгү ошол эле күнү табылган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Аламүдүн районуна караштуу ГЭС-2 айылында тогуз жаштагы бала Чоң Чүй каналына чөгүп кеткенин ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 14-май күнү саат 17.46лар чамасында болгон. Издөө иштерине ӨКМдин куткаруучулары тартылып, саат 18.32де баланын сөөгү табылган.