Кеткиң келбейт... Японияда эң узун селкинчек орнотулду

Япониянын Китакюсю шаарына дүйнөдөгү эң узун селкинчек орнотулуп, Гиннестин рекорддор китебине катталды.
Sputnik

Эң узун селкинчек "Хибикинада" оюн-зоок паркынан орун алган. Анын узундугу 163 метрди түзүп, тегерек формада коюлган. Ал жерде бир убакта 100 киши селкинчек тебе алат. Шаар бийлиги бул долбоорду ишке ашыруу үчүн бир миллион доллар бөлүп берген.

Баса, Канадада болсо жүрөктү түшүргөн аттракцион курулду. Көрүп көрбөйсүзбү?