Окуянын видеосун күбө "Бишкек сегодня" Telegram-каналына жиберген. Анын айтымында, жол тандабас чет элдик элчиликтердин бирине таандык.
Видеодо машина токтотуучу жайдын кире беришин Land Cruiser үлгүсүндөгү жол тандабас тороп турганын көрүүгө болот.
"Машина токтотуучу жайдын алды тосулуп калгандыктан 15тей автоунаа кезек күтүп калды. Айдоочулар күтүп жатып тажаганда, аны ордунан көтөрүп четке жылдырышты. Бир аздан кийин дипломат келип, соода борбордун кызматкерлерине үнүн өктөм чыгарып сүйлөп жаткан. Биз кетип калдык, андан ары эмне болгонун билбейм", — деди ал.
Bishkek Park борборунун маалымат кызматы да автоунаа өчүп калганын билдиришти. Борбордун кызматкерлери атайын техника менен машинаны четке жылдырганча бир аз автотыгын пайда болуп калган.
Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз, сүрөт, видеону +996 706 566 544 номери аркылуу WhatsApp же Telegram каналына салсаңыз болот