Ынды каралардын эмоциясын ак терилүүлөр жакшы байкай албайт. Иликтөө

Адистер жалпысынан алты эксперимент жасап, ага 425 ыктыярчыны тарткан.
Sputnik

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Испаниянын Гранада университетинин катышуусу менен эл аралык окумуштуулардын тобу ак терилүү кишилер ынды каралардын жүзүндөгү эмоцияны байкоодо кыйынчылык тартарын аныктады. Бул тууралуу EurekAlart басылмасы жазды.

Кишинин эмоциясы анын жашоосунун узактыгына таасир берет
Адистер жалпысынан алты эксперимент жасып, бул ишке 425 ыктыярчыны тарткан. Аларга кишилердин сүрөтүн көрсөтүп "Чын дилден күлүп жатабы?" деп сурашкан. Изилдөө көрсөткөндөй, ак терилүү кишилер ынды каралардын эмициясын байкоодо кыйналышкан. Ошол эле учурда ынды каралар ак терилүүлөрдүн эмоциясын жазбай табышкан. Окумуштуулар ак терилүү кишилер ынды каралардын көзүнө карабаганын аныкташкан.

"Кишинин көзү аркылуу көп нерсени байкаса болот. Анын ичинен киши чындап эле сүйүнүп же кайгырып жатканы да оңой билинет", — деп айтылат маалыматта.

Көпчүлүктү сулуулугу менен өзүнө тарткан ынды кара модель кыздын сүрөттөрүн бул жактан көрүңүз.