Баланы автоунаа коюп кетти. Чоң Чүй каналына жакын жерде болгон окуя

Lexus үлгүсүндөгү автоунаа жөө адам өтчү сызыктан баланы коюп кеткен. Окуяга күбө болгондор кырсык туурасында дароо милицияга билдиргендигин айтышты.
Sputnik

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Борбор калаадагы Алма-Ата көчөсүн кесип аккан Чоң Чүй каналынын төмөн жагындагы аймактан автоунаа тестиер баланы коюп кетти. Бул туурасында окуяга күбө болгон адам WhatsApp-каналына кабарлады.

Кырсык болжол менен саат 17.22лер чамасында болгон.

"Lexus үлгүсүндөгү автоунаа жөө адам өтчү сызыктан баланы коюп кеткен. Окуя Алма-Ата көчөсүн кесип аккан Чоң Чүй каналынын төмөн жагындагы аймакта "Народный" дүкөнүнө жакын жерде болгон. Рулда отурган адам баланы салып кеткенин көрдүк. Окуя тууралуу милицияга кабарладык", — деп айтып берди окуяга күбө болгон адам.

Тилекке каршы, бул бүгүнкү күндөгү баланы коюп кеткен биринчи окуя эмес. Буга чейин Бишкек шаарындагы Москва көчөсү менен Айтматов проспектисинде дагы бир жол кырсык болгон.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан бул окуяны тактап жаткандыгын айтышты.