Багын "Саманчынын жолу" ачкан. Алп режиссёр Геннадий Базаров тууралуу 5 факты

Бүгүн белгилүү режиссёр, сценарист Геннадий Базаровдун туулган күнү. Түрдүү жанрдагы ондогон мыкты тасмалардын автору 77 жашка толду.
Sputnik

Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги ата мекендик кинематографиянын өнүгүүсүнө опол тоодой салым кошуп, өмүрүн кыргыз киносуна арнаган инсандын чыгармачылыгы тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Кинону эңсеген окуучу. Геннадий Базаров 1942-жылы 14-майда Нарын облусунун Ат-Башы айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы партиялык кызматкер болгондуктан балалыгы өлкөнүн ар кайсы бөлүгүндө көчүп-конуп өткөн. Мектепте окуп жүргөн кезинде "Советтик Кыргызстан" киножурналынын операторлорунун иштегенин көрүп, кино тармагына кызыгуусу артат. Ошол учурдан баштап ал өз кыялын ишке ашыруу максатында өз алдынча фотоаппарат менен иштегенди, сүрөт тартканды үйрөнө баштайт. 

Багын "Саманчынын жолу" ачкан. Алп режиссёр Геннадий Базаров тууралуу 5 факты

Москвага жетүү үчүн эки жыл иштеп... Мектепти аяктаган соң, тасма тартуу жаатында тажрыйбасы жок болгондугуна карабай "Кыргызфильм" киностудиясында эки жылдай иштейт. Анткени ошол учурда Герасимов атындагы мамлекеттик кинематография институтуна тапшыруу үчүн ал жакта сөзсүз иштөө талабы болгон. Катардагы жумушчу болуп, оператор Марлес Туратбеков, Кадыржан Кыдыралиевди ээрчип, ассистент кызматын аркалайт. 1961-жылы режиссёрлук адистигине ээ болуу үчүн Москвага жол тартат.

Айтматовдун көзүнө илингенде. СССРдин борборунда билим алып жүргөн Базаровдун курстук иштерин белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматов көрүп, өзүнүн "Саманчынын жолу" повести боюнча тасма тартууну 23 жаштагы Геннадийге ишенип тапшырган. Ошентип, залкар калемгердин сунушу менен дипломдук иши болгон биринчи тасмасы 1967-жылы көрүүчүлөргө сунушталып, чоң киного ийгиликтүү кадам таштайт. Көркөм тасма коомчулук тарабынан жакшы кабыл алынган. 

Багын "Саманчынын жолу" ачкан. Алп режиссёр Геннадий Базаров тууралуу 5 факты

Күчтүү сүрөтчү, сценарист. Кийинки жылдары СССРдин кинематографиясынын отличниги "Каныбек", "Жаңылуу", "Буктурма", "Көчө", "Приют для совершеннолетних", "Айың", "Аномалия" өңдүү мыкты тасмаларды жаратат. Сценаристтин кесиптештери менен замандаштары аны мыкты сүрөткер деп эсептешет. Анткени Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты өзүнүн эмгектерин башкача көз караш менен карап, окуяны же каарманды ачып берүүдө өзгөчөлөнүп, дайым изденүүнүн үстүндө жүрөт. 

Багын "Саманчынын жолу" ачкан. Алп режиссёр Геннадий Базаров тууралуу 5 факты

Чаалыкпаган автор. Кыргыз Республикасынын эл артисти учурда "Кыргызтелефильмде" кинорежиссёр болуп, тасма тартуудан сырткары аталган студияда көркөм кеңештин мүчөсү. Пенсия курагында болгондугуна карабай, коомдук телерадиоберүү корпорациясына 25 жылдан бери "Альтернатива" деп аталган автордук телеберүүсүн даярдап келет. Жалпы Геннадий Базаров 60 жылдан бери тасмалар менен алпурушууда. Байбичеси менен эки кыз, бир уулду тарбиялап өстүрүп, учурда алардын сый-урматына бөлөнүп турган чагы.