Ак-Суу: эл бассейндин саркынды суусу дарыяга куюлуп жатканына нааразы

Комиссиянын мүчөлөрү эс алуу жайына кирип саркынды суу кайсы жакка кетерин көрсөтүп берүүнү өтүнүшкөн. Бирок алардын суранычы аткарылган эмес.
Sputnik

ЫСЫК-КӨЛ, 14-май— Sputnik. Ысык-Көлдөгү Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын тургундары "Ак-Суу кенч" эс алуу жайындагы бассейнден чыккан саркынды суу Ак-Суу дарыясына куюлуп жатканын айтып, нааразы болушууда.

Ак-Суу: эл бассейндин саркынды суусу дарыяга куюлуп жатканына нааразы

Айылдын тургуну Фархат Ыдырысовдун айтымында, айыл тургундары бул боюнча тийиштүү мекемелерге кайрылган. Бирок иш прокуратурага өтүп, убакыт созулуп жатат.

"Мен комиссиянын мүчөсүмүн. Бассейндин иштеши мыйзамга ылайык келбейт. Себеби мында саркынды сууну чыпкалоочу жай жок. Бир кишинин кызыкчылыгы үчүн 12 миң адам жабыр тартпашы керек! Эл ушул чоң суудан суу ичет", — деди Ыдырысов.

Аталган айылдагы суу облустук бириккен ооруканаларга карайт. Ошондуктан эс алуу жайынын ээлери булар менен келишим түзүп, суткасына 18 куб суу алат. Ак-Суу райондук ооруканасынын инженери Турат Кенжебаев бассейн боюнча төмөнкүлөрдү билдирди.

Ак-Суу: эл бассейндин саркынды суусу дарыяга куюлуп жатканына нааразы

"Биздин чыпкалоочу жайга душтан чыккан суу үчүн гана уруксат берилген. Ал эми бассейнден чыккан сууну тазалоого күч жетпейт. Документ боюнча сегиз душка уруксат берилген. Ал эми бассейндер келишимде көрсөтүлгөн эмес", — деди Кенжебаев.

Эс алуу жайынын жетекчиси Чынара Урманаева болсо келишимде "бассейн" же "душ" деп көрсөтүлбөгөнүн айтып, иши мыйзамдуу экенин белгиледи.

"Эс алуучу жай облустук экотехинспекциянын уруксаты менен курулган жана тийиштүү мекемелердин бардыгы менен келишим түзүлгөн. Бул жерден чыккан суунун баары чыпкалоочу жайга кетет. Ал эми чоң сууга түз туташкан түтүктөр авариялык кырдаалга карата гана жасалган", — деди ал.

Ак-Суу: эл бассейндин саркынды суусу дарыяга куюлуп жатканына нааразы

Теплоключенканын айыл өкмөт башчысы Талант Кобонбаев бул көйгөй былтыр эле козголгонун билдирди.

"Комиссия текшерип, толук кандуу корутунду чыгара элек. Аталган эс алуу жайынын ээлери бизден кошумча жер сурашкан. Уруксат берген эмеспиз. Себеби алар азырынча саркынды сууну чыпкалоочу жай кура элек. Ошого карабай мыйзамсыз негизде курулуш иштерин жүргүзүшүүдө", — деди айыл өкмөт башчысы.

Ак-Суу: эл бассейндин саркынды суусу дарыяга куюлуп жатканына нааразы

Экологиялык-техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын өкүлү Кайрат Атакозуевдин айтымында, 2018-жылдын декабрь айында элден арыз түшкөн. Мындан улам пландан тышкары текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

"Кемчиликтер табылып, аны четтетүүгө мөөнөт бергенбиз. Тиешелүү документтерди толук көрсөтө алышкан эмес. 2019-жылы өкмөт тарабынан жеке ишкерлерди текшерүүгө мораторий жарыяланган. Ошол себептен текшерүү иштери аягына чейин чыкпай калды", — деди Атакозуев.

Эколог Ысык-Көлдүн экосистемасына болгон коркунучтарды айтып берди
Sputnik агенттигинин кабарчысы бүгүн, 14-майда, жергиликтүү эл эс алуу жайына барганын билдирди. Бирок эл ичкери кире албай, сыртта калган. Ал эми комиссиянын мүчөлөрү эс алуу жайына кирип саркынды суу кайсы жакка кетерин көрсөтүп берүүнү өтүнүшкөн. Бирок алардын суранычы аткарылган жок.

"Ак-Суу кенч" эс алуу жайы 20 сотых жерди ээлеп, 2018-жылы июль айында ачылган. Анда төрт бассейн радон суусу менен толтурулат. Мекеме бир куб суу үчүн облустук бириккен ооруканага 33 сом төлөп, суткасына 18 куб суу керектейт.