Мектепте акча чогултууга каршы болгон ата-энелер кайра митингге чыкты

Алар ата-энелер фондун жоюу жана Новопавловкадагы лицейдин директору Диляра Абдуллаеваны кызматтан кетирип, башкасын дайындоо талабын коюп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Новопавловкадагы Чыңгыз Айтматов атындагы №1 лицейде окуган балдардын ата-энелери нааразычылык акциясына чыгышты. Митинг Бишкектеги Максим Горький атындагы скверде өтүп жатат.

Алардын бири Чынара Апиева митингге чыккандар ата-энелер фондун жоюу жана лицейдин директору Диляра Абдуллаеваны кызматтан кетирип, башкасын дайындоо талабын коюп жатканын айтты.

"Директордун милдетин аткаруучу болуп Элнура Музаева дайындалды деп жатпайбы. Аны министр Гүлмира Кудайбердиева мектепке оозеки эле тааныштырып, буйрук чыгарбаптыр. Ал бүгүн эртең менен мектепке барса, мугалимдер "расмий буйругу жок келдиң" деп киргизбей коюптур. Биз Билим берүү министрлигинен Диляра Абдуллаевадан башка директорду дайындап, ата-энелер фондун жоюп беришин суранабыз. Бүгүн башка мектептин ата-энелери да келип, нааразычылык акциясына кошулууда", — деди Апиева.

Новопавловка: мектептеги чуудан кийин жаңы директор дайындалды
Эскерте кетсек, Сокулук районунда жайгашкан Чыңгыз Айтматов атындагы №1 лицейге ар бир окуучудан айына 500-700 сомдон алынып, бир жылда 28,5 миллион сом жыйналган. Ата-энелердин айрым тобу буга караманча-каршы турууда. Алар фонддун акчасы кайда сарпталып жатканын билүү жана мектеп директорун кызматтан кетирүү талабы менен буга чейин да Ак үйдүн алдына митингге чыгышкан. Ал эми лицейдин жетекчилиги мамлекеттен берилген каражат толук кандуу жетпегендиктен ата-энелердин колдоосуна муктаж экенин айтууда. Деген менен мамлекеттен жылына 48,8 миллион, айыл өкмөт тарабынан 4,8 миллион сом бөлүнөт. Бул жерде 4500 окуучу билим алат.

Учурда аталган лицейди прокуратура, Финпол текшерип жатат, ал эми директор Диляра Абдуллаева убактылуу иштен четтетилген. Ал эми директордун милдетин аткаруучу болуп Элнура Музаева дайындалды.