БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Пилоттук негизде иштей турган Милициянын кайгуул кызматын каржылоого 197,2 миллион сом каралды. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) жетекчисинин орун басары Нур Сатыбалдиев билдирди.
Буга чейин милиция кызматтары бир нече ирет өзгөргөн. Кызматтар бирде бириктирилсе, бирде өз-өзүнчө бөлүнгөн. Акыркы реформа учурунда ИИМдин Кайгуул милициясы "Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы" деп өзгөртүлгөн болчу.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы маалымат жыйын учурунда жаңы кызматтын түзүлүшүнө канча каражат сарпталарын жана ар бир реформа учурунда канча акча керектелгенин сурады.
"Милициянын кайгуул кызматын түзүүгө быйыл 197 миллион 200 миң сом каралды. Бул каражатка кызматтык унаалар, формалар жаңыланып, компьютерлер алынат. Маяна бул суммага кирбейт", — деди Сатыбалдиев.
Ал белгилегендей, 2016-жылы Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгын түзүүгө мамлекеттик бюджеттен бир дагы тыйын кеткен эмес.