Клеопатра, Семирамида... Байыркы канышалардын атын алып жүргөн кыргызстандыктар

Биометрикалык маалыматтарын тапшырган бардык жарандардын аты-жөнү шайлоочулардын бирдиктүү тизмесине киргизилген.
Sputnik

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Кыргызстанда байыркы канышалардын атын алып жүргөн бир нече жаран бар. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы шайлоочулардын тизмесин иликтеп көрүп, өзгөчө ысымы барларды аныктаганга аракет кылды. Белгилей кетсек, биометрикалык маалыматтарын тапшырган бардык жарандардын аты-жөнү шайлоочулардын бирдиктүү тизмесине киргизилген.

Мадонна, Алсу... Атактуу ырчылардын ысымын алган кыргызстандыктар
Ошентип кыргызстандыктардын арасында бир Клеопатра бар. Байыркы Египетте мындай ат жети канышага берилген. Алардын ичинен элдин эсинде калган Клеопатра — бул Цезарь менен Марк Антонийдин сүйүктүүсү. Ал биздин заманга чейинки I кылымда жашаган.

IX кылымда Ассирияны бир нече жыл Шаммурат аттуу каныша башкарган. Ал Семирамида деген ат менен да белгилүү. Дал ушундай ысым Кыргызстанда бир аялга ыйгарылган. Белгилей кетсек, Семирамиданын бакчасы "дүйнөнүн жети кереметинин" бири болуп саналат. Чындыгында бул бакча үч кылымдан кийин башка айым үчүн салынган. Сөз Вавилон падышасы Навуходоносордун аялы Амитис тууралуу болуп жатат.

Андан сырткары, Кыргызстанда 11 Томирис жашайт. Айрым маалыматтар боюнча Томирис массагеттердин канышасы болгон, кээ бир булактарда тиграухауддардын башчысы экени айтылат. Биздин заманга чейинки 530-жылы перстердин падышасы Кир II сактарга каршы жүрүшкө чыккан. Ал балдары Томирис жана Спаргапис менен чогуу каршылашынын аскерин алдоо жолу менен чаап алган. Падыша бул согушта каза болгону айтылат. Айрым маалыматтар боюнча ал туткунга түшүп, өз жанын кыйган.