Ысык-Көлдө ИИМдин генералы 42 чакырымга чуркап биринчи келди. Сүрөт

Генерал буга чейин дагы 10, 21 чакырымга чуркап жеңүүчү аталган.
Sputnik

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Милициянын генерал-майору Кемелбек Киязов 42 чакырым 195 метр марафондук аралыкка чуркап биринчи келди. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Өткөн дем алыш күндөрү Ысык-Көлдө XXII олимпиада оюндарынын коло байге ээси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган ШКУнун Run the Silk road аттуу эл аралык марафону болуп өттү.

4 миң доллар алды! Дарья Маслова Көлдөгү турнирде биринчи келди
Марафонго катышуу үчүн үч миңге жакын киши каттоодон өткөн. Алардын арасында Кыргызстандан жана башка өлкөлөрдөн келген профессионалдар дагы болду. Алар 42, 21 жана 10 чакырымга чуркашты.

Генерал 63 жашта. Ал марафонго биринчи жолу катышып жаткан жок, 2017-жылы 10 чакырымды багындырып алтын тагынган, 2018-жылы дагы 21 чакырымга чуркап биринчи келген. Быйыл болсо 42 чакырым 195 метр аралыкты багындырып биринчи болду.

Генерал-майор өзү чуркоо боюнча профессионал болбосо дагы сүйүүчүлөр арасында жаман эмес жыйынтык көрсөтүп жатканын билдирди.

"Марафонго катышып милициянын кадыр-баркын көтөрүүгө салым кошкум келди", — деди Киязов.

Генерал келечекте башка өлкөлөрдө өтө турган марафондорго катышууну пландап жатат.