90го чамалаган карыя изделүүдө

Ал Новопокровка айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес
Sputnik

БИШКЕК, 13-май - Sputnik. Бүгүн, 13-майда, 88 жаштагы Капас Бакбаев Новопокровка айылындагы үйүнөн саат 14:00дөр чамасында чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине туугандары билдирди.

Ага ылайык, милицияга арыз менен кайрылышып, укук коргоо органдары да издөө иштерин жүргүзүп жатат.

Карыя саат 14:00дөр чамасында чыгып кеткен. Аны акыркы жолу "Волна" ресторанынын жанынан көрүшкөн.

Үстүнө ак көйнөк, спорттук шым кийген, таяк таянат. Башында боз түстөгү тебетей болгон.