Чүй — Манас кесилишиндеги эс алуучу аянтча даяр болоюн деп калды. Сүрөт

Мэрия буга чейин эс алуу аянтчасынын эскиздерин көрсөткөн.
Sputnik

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Чүй менен Манас проспектилеринин кесилишиндеги эс алуучу аянтча дээрлик даяр болуп калды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы Twitter баракчасына жарыялады.

Көрктөндүрүү ишин "Бишкекасфальтсервис" ишканасы апрель айынын аягында баштаган.

"Бишкекжарык" жарык койсо, "Бишкекжашылчарба" бактарды отургузду. Ал эми "Бишкекасфальтсервис" жөө адамдар өткөн жолду жаңылады.

Мэриядан мындай көрктөндүрүү иштери улантыларын кошумчалашты.