Бишкекте тай бокс боюнча КРдин чемпионаты өттү. Беттештеги ирмемдер

Sputnik

9-12-май күндөрү борбордогу Кожомкул атындагы Спорт сарайында тай боксу боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү. Мелдешти Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык эмес түрү боюнча дирекциясы менен Тай бокс (IFMA) федерациясы өткөрдү.

Чемпионатка катышкандар чоңдор, жаштар жана өспүрүмдөр арасында күч сынашты. Жеңүүчүлөр диплом, медаль жана белектер менен сыйланды.

1 / 13
9-12-май күндөрү борбордогу Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында тай боксу боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү
2 / 13
Чемпионатка катышкандар чоңдор, жаштар жана өспүрүмдөр арасында күч сынашты
3 / 13
Мелдеш спорт сүйүүчүлөр арасында өткөндүктөн, катышуучулардын чыканак, тизе, ичине коргой турчу жабдыктар кийгизилди
4 / 13
Муай-тайды бөтөнчө сүйгөндөр башына монгкон тагынып, атайын музыканын коштоосунда бийлеп рингди айланышат
5 / 13
Спортчулардын коопсуздугу калыстардын колунда. Рефери жаш тайбоксчуларга эрежени түшүндүрүп, беттешке камынтып жатат.
6 / 13
Кыргызстандын чемпионатында бир нече спорттук клубдун балдары күч сынашты
7 / 13
Жеңүүчүлөр медаль, диплом жана белектер менен сыйланышты
8 / 13
Чоңдор арасындагы кармаштар ар ирет бүйүр кызытып келет
9 / 13
Тай бокс федерациясынын маалыматы боюнча айрым жеңүүчүлөр эл аралык жана дүйнө чемпионаттарына катышат
10 / 13
Бекфист — эң кооз ыкма! Мында кайсы бир спортчу атаандашын айланып келип чабат.
11 / 13
Мелдешти Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги жана Тай бокс федерациясы өткөрдү
12 / 13
Муай-тай — ар тараптуу спорт. Бут, кол, чыканак, тизе менен, жада калса күрөш ыкмасына салып, атаандашты моюндан ылдый тартып кулатса болот.
13 / 13
Чемпионат тай бокстун IFMA версиясы боюнча өттү