Башы менен сайылып! UFC чемпиону Роуз Намаюнас нокаут менен утулду. Видео

Роуз Намаюнас UFC уюмунун 52 салмак килограммдагы чемпиону болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Америкалык мушкер Роуз Намаюнас UFC 237 турниринин алкагында бразилиялык Жессика Андрадеге нокаут менен утулуп, чемпиондук наамынан ажырады. Мушкерлердин кармашын аталган уюм Instagram баракчасына жүктөдү.

Бүгүн Рио-до-Жанейро (Бразилия) шаарында UFC 237 турнири өттү. Кеченин башкы беттешинде UFC уюмунун 52 килограммдагы чемпиону Роуз Намаюнас Жессика Андраде менен беттешкен. Натыйжада Андраде Намаюнасты экинчи раундда өзгөчө ыкма менен уткан. Алгач аны көтөрүп туруп, башы менен жерге сая жыгып, андан соң сокку узаткан. Рефери беттешти токтотууга аргасыз болгон.

​26 жаштагы Роуз Намаюнас 2017-жылы Жоанна Енджейчикти утуп чемпион болгон. Анда бери жеңиле элек болчу. ММА боюнча 8 беттешти утуп, 4 ирет жеңилген

Башы менен сайылып! UFC чемпиону Роуз Намаюнас нокаут менен утулду. Видео

Ал эми 27 жаштагы Жессика аралаш мушташ боюнча 20 беттешти утуп, 6 ирет жеңилген.