Адам баласы жер бетинен жок кылган 16 ажайып жай. Сүрөт түрмөк

Sputnik

Мурда мындай ажайып жайларды жаратылыш кырсыктары талкалап кетсе, бүгүнкү күндө алардын биринчи душманы терроризм жана жаңы имарат кургусу келген ири компаниялар.

Жүздөгөн, миңдеген жылдардан берки тарыхты катып жаткан жайларды эми сүрөттөн гана көрө алабыз.

1 / 16
Сириянын Пальмира шаарындагы Баалшамин храмы. Уламыш боюнча аны Соломон падышанын убагында курушкан. Өз доорундагы эң бай шаар деп эсептелген.
2 / 16
Талкаланган Баалшамин храмы. Пальмира шаары
3 / 16
Таиланддагы Пхи-Пхи аралдарындагы Maya bay пляжы
4 / 16
Учурда Maya bay пляжы туристтер үчүн жабык
5 / 16
Парагвай менен Бразилиянын ортосундагы Итайпу гидроэлектростанциясы
6 / 16
1982-жылы Итайпу дамбасы курулуп жатканда шаркыратма жок кылынган. Азыр бул жерде планета боюнча эң кубаттуу ГЭСтердин бири турат.
7 / 16
Нохмул — Белиздеги пирамидалардын бири. Бийиктиги сегиз метрге жеткен бул эстелик 2 миң жыл мурда курулган.
8 / 16
2013-жылы жол салган компания шагыл алуу максатында аны бузуп салган.
9 / 16
Орегон шатындагы Дакбилл аскасы
10 / 16
2016-жылы аны эс алып жүргөн балдар талкалаган. Кийин өздөрүнүн кылганын "досубуз бутун сындырып алганы үчүн" деп түшүндүргөн.
11 / 16
Афганистандагы Будданын айкели. Анын курулушу II кылымда башталып, 200 жылга созулган.
12 / 16
2001-жылы талибдер аны теңирчиликтин символу катары талкалап салышкан.
13 / 16
Түштүк Америкадагы Чакалтай мөңгүсү. 2009-жылга чейин ал аймактагы эң ири мөңгү болуп эсептелчү.
14 / 16
2009-жылы ал толугу менен эрип кеткен.
15 / 16
Испаниядагы Эль Дедо де Диос аскасы. Жергиликтүү эл аны "Кудайдын сөөмөйү" деп атачу.
16 / 16
2005-жылы тропикалык бороон-чапкын учурунда урап калган.