Орзубек Назаровдун атасы дүйнө салды

Пулет Назаров үч жумадан кийин 79 жашка чыкмак.
Sputnik

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Бокс боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Орзубек Назаровдун атасы Пулет Назаров каза тапты. Бул туурасында спортчу өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

"Бүгүн атам менен коштошуп, жерге бердик. Атакем мени жетим кылып таштап кетти", — деп жазган Назаров.

Пулет Назаров 1940-жылы 30-майда туулган. 18 күндөн кийин 79 жашка чыкмак.