Жүк ташуучу унаа менен жеңил машина кагышып, бир кыз жабыркады. Сүрөт

Унаалар 11-май, ишемби күнү, болжол менен 14:40та Токомбаев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде кагылышты.
Sputnik

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Бишкектеги Түштүк магистралда жүк ташуучу унаа бурулуп жатып Honda Fit үлгүсүндөгү машинаны сүзүп алганын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине окуянын күбөсү билдирди. 

Жүк ташуучу унаа менен жеңил машина кагышып, бир кыз жабыркады. Сүрөт

Унаалар 11-май, ишемби күнү, болжол менен 14:40та Токомбаев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде кагылышкан.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Адилет Кыдырбаев жол кырсыгы болгонун тастыктап берди.

"Honda Fit үлгүсүндөгү унаа Токомбаев көчөсүнөн батышты көздөй кетип бара жаткан, Тыналиев көчөсүнүн кесилишинен Howo маркасындагы жүк ташуучу унаа аны коюп кеткен. Ал сол жакка бурулган", — деди Кыдырбаев.

Натыйжада жеңил унааны айдаган кыз ооруканага жеткирилген. Бул факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Машиналар унаа токтотуучу атайын жайга жеткирилди.